Корей согушу

Википедия дан
Корей согушу.

Корей согушу — 1950—53-жылдары Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосундагы согуш. Түндүк Корея Кытай жана СССР менен Түндүк коалицияны, Түштүк Корея, АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер менен Түштүк коалицияны түзгөн.

Корей согушу
Дата

25 июнь 1950 — 27 июль 1953

Орун

 КЭДР /  Корея Республикасы

Өзгөрүүлөр

 КЭДР Кэсоң шаарын алат, бирок 3,900 км2 жерин Түштүк Кореяга берет.

Каршы тараптар
 КЭДР
 Корея Республикасы
куралдаткан:
Бириккен Улуттар Уюуму БУУ
*  АКШ
*  Улуу Британия
* Канада
* Түркия
*  Австралия
* Филиппин
* Жаңы Зеландия
*
Колбашчылар
белгисиз белгисиз
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1910—45-жылдары Корея Япониянын колониясы болгон. 1945-ж. августта СССР Корей жарым аралынын түндүк аймактарына, АКШ түштүк аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-ж. декабрда АКШ менен СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу боюнча келишим түзүлгөн. Түштүк Кореяда Ли Сын Ман баш болгон антикоммунисттик өкмөт, Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген коммунисттик өкмөт түзүлгөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрүнүш катары эсептелип, АКШ менен СССРдин ортосунда башталган кансыз согуш Корей жарым аралындагы абалды өзгөрттү. 1950-ж. 25-июнда Түндүк Кореянын аскерлери СССРдин колдоосу менен Түштүк Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР менен Кытайдын колдоосу аркылуу Түндүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түштүк Кореяга караганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түштүк Кореяга АКШ жана Бириккен Улуттур Уюмуна (БУУ) кирген айрым мамлекеттер жардам бере баштагандыктан, Түштүк Корея күч ала баштаган. 1950-ж. 20-октябрда түштүк кореялык күчтөр Корей Элдик Демократиялык Республиканын (КЭДР) борбору — Сеул шаарын алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн кийин, Түндүк Корея союздаштарынан ажырап, согуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден өтүп, чийимдин тегереги демилитаризацияланган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек араны түндүк жагынан КЭДР аскерлери жана түштүк аймактарын түштүк кореялык жана америкалык аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес жана Түштүк Кореяда АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]