Мазмунга өтүү

Коренд

Википедия — ачык энциклопедия

Коренд (санкритче kurubinda – рубин) – оксиддер классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы AI2O3. Курамында 53,8% алюминий бар. Тригон системасында кристаллданат. Өңү-түсү курамында кездешүүчү темир, хром, титан сыяктуу киринди элементтерге байланыштуу. Кызыл түстөгүсү – рубин, көгүлтүрү – сапфир, түссүзү – лейкосапфир. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 9. С. салм. 4. Кремний кычкылы өтө аз санда кездешкен магмалык тектерде (сиенит), анортит-корунддуу дайкаларда, метаморфизмделген тектерде, экинчи жолу пайда болгон кварциттерде кездешет. Өтө кооз мөлтүрөгөн тунук түрлөрү (рубин, сапфир ж. б.) илгертен асыл таш катары колдонулуп келет. Жасалма түрлөрү бокситти калыбына келтирүүчү темир таарындылары менен бирге эритилип, электр мештеринде алынат. Булар абразив материал катары колдонулат. Ошондой эле порошок металлургиясынын ыкмалары менен металлдарды жогорку температурада иштеткенде керек болуучу кескичтер жасалат. Жасалма түрлөрүн (монокристаллдуу тунук түрү менен өзөктөрүн) кычкылтек-суутектүү жалын менен чопону эритип алса болот. Синтетикалык жол менен алынган сапфир, рубин, топаз, александрит, аметист ж. б. кооздук иштерде, кызыл рубин саатта, так приборлордо, өзөктөрү оптикалык генераторлордо (лазерде) пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]