Коржинский алмуруту

Википедия дан
Pyrus korshinskyi
Pyrus korshinskyi

Коржинский алмуруту (лат. Pyrus korshinskyi, Litv.) - Жайылган шар сымал же шагы созулган, бийиктиги 10-12 м ге чейин жеткен дарак. Бутагы күңүрт-күрөң, жаш бутакчасы вегетациянын биринчи жарымында түктүү, кийинчерээк начар түктүү же түксүз. Жалбырактары ланцеттей, узунча-ланцеттей же тилкелүү, узундугу – 5-10 см, тегинен эң кеңири жазы, жээктери араа сымал тишчелүү. Гүлдөрүнүн диаметри 2-2,5 см, ак, желекчелери узунча-жумуру, кыска тырмактуу. Мөмөсү – жазы алмурут, жашылгыч- сары, ширелүү, даамы бир аз тилди куруштурат.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алмуруттун чыгышазиялык топторуна же алардын гибриддерине таандык, аларга кыска тыныгуу мезгили, кышкы суукка чыдамсыз, козукарын илдеттерине, кургакчылыкка туруктуулугу мүнөздүү. Уругу аркылуу жана тамыр көчөттөрү менен көбөйөт. Жалбырактары апрелдин экинчи жана үчүнчү жарымында ачылат. Табигый шарттарда май айында гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт. Жалбырак түшүүсү сентябрдын аягынан башталып, кыш түшкөнгө чейин бүтпөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш Тянңшанң, Памир-Алай (Тажикстан, Өзбекстан). Кыргызстанда – Чаткал жана Фергана кырка тоолорунда.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кургак шагыл-таштуу жана майда топурактуу беттерде, кургак сайлардын жээгинде, төмөнкү жана ортоңку тоо алкактарында, деңиз деңгээлинен 1200-1700 м бийиктик аралыгында өсөт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көп эмес, бирин-серин кездешет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мөмөлөгөн дарактардын кыйылышы. Уругу аркылуу көбөйүүнүн жоктугу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КР УИАнын ботаникалык багынын дендрарий коругунда 1954-жылы Фергана кырка тоосундагы Чарвак айылынын четинен жыйналган уруктан өстүрүлгөн. Жетилген дарактары кышка чыдамдуулугу канааттандырарлык.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомунун негизинде республикада 1975-жылдан бери корукка алынган. Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн абалын жана санын көзөмөлдөп, бардык учураган даанасын корукка алуу зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Кыргыз Республикасынын аймагында өскөн үч түрдүн бири. Көп белгисиз таксон. Батыш Тянңшанда сейрек кездешкен эндем. Селекцияда түштүктөгү кургакчылыкка чыдамдуу, мол түшүмдүү алмурут сортторун чыгарууда өтө баалуу генофонд.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]