Коринф согушу

Википедия дан

Коринф согушу (б. з. ч. 395 - 387) - грек полистеринин (Фивы, Аргос, Коринф, Афины, Элида, Акарнания, Мегара ж. б.) коалициясы менен Спарта башкарган Пелопоннес союзунун ортосундагы согуш.

Коринф согушу грек полистеринин Спарта гегемониясынан бошонуусунан чыккан. Спартага каршы коалицияга 399-жылдан Спарта менен согуш абалында турган Персия финансы жактан жардам берген. Персиянин каражатына курулган флот афинылык Конондун командачылыгы менен 394-ж. спарталыктарды Книд аралында жеңген. Спартага каршы лагердин 394-ж. Короней менен Истмдеги жецишинен кийин Афинынын күчөшүнөн чочулаган Персия кайрадан Спартага жардам берген. Финансы жактан начарлап, союздаштардан ажырай баштаган Афины Персиянын шартын (387 же 386) - Анталкид тынчтыгын кабыл алууга аргасыз болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.