Королёва Татьяна Станиславна
Королёва Татьяна Станиславна (24. 8. 1962-жылы туулган, Фрунзе шаары) — физик, физика-математика илимдеринин кандидаты (1996), Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2000). Фрунзе шаарындагы политехникалык институтту бүтүргөн (1984). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Физика институтунда улуу инженер, кенже жана улуу илимий кызматкер (1987–98), 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Президентинин окумуштуу секретары. Конденсацияланган абалдын физикасы, радиациялык физика жана экология боюнча адис. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 5 окуу куралы, 17 патенттин ээси. Эмг.: Перенос энергии и динамика электронных возбуждений в кристаллах (в соавторстве). Екатеринбург, 2001; Спектроскопия объёмных, волоконных и наноразмерных кристаллов LiF и NaF (в соавторстве). Екатеринбург, 2006; Люминесценция ионов урана в кристаллах фторида натрия (в соавторстве). М., 2008.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9