Кортук

Википедия дан

Кортук«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, Шакумдун атасы. Алтайда кыргыздар менен канатташ жашаган манжулук калмактар жер коруп жүрүп, баласын ээрчитип жылкыга келген Жакыпка кез болуп калышат. Жакыпты калмактардын бири камчы менен башка чаап жибергенде, жини келген Манас жылкычы Ыймандын укуругун ала коюп, калмактын башчысы К-тун башын жара чаап өлтүрүп салат (Сагымбай Орозбаков, 1. 130— 131).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4