Мазмунга өтүү

Котляревский Иван Петрович

Википедия — ачык энциклопедия

Котляревский Иван Петрович [Iва́н Петро́вич Котляре́вський 29 (9). 8 (9). 1769, Россия империясы, Малороссия губерниясы, Полтава шаары – 29. 10(10. 11). 1938, СССР, ошол эле шаар] – украин жазуучусу. Полтавадагы диний семинарияда окуган (1780—89). 6 бөлүмдөн турган «Энеида» поэмасы Украинада бир нече ирет басылган (1798, 1809, 1842). Чыгармаларында украин коомунун бардык катмарынын 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башындагы жашоо турмушу, салт-санаасы чагылдырылган. И. Котляревский. – «Наталка-Полтавка» (1819-ж. коюлган; Н. В. Лысенконун аты уйкаш операсы) жана «Сыйкырчы солдат» пьесаларынын автору. 1952-ж. Полтавада мамлекеттик адабий мемориал музейи ачылган. 1969-ж. туулган күнүнүн 200 жылдыгына карата мемориал комплекси түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]