Которулуу кубулушу
Көрүнүш
Которулуу кубулушу - кайрылбоочу процесстер, анын натыйжасында физикалык системада электр заряды, импульс, масса, энергия ж. б. физикалык чоңдуктардын мейкиндиктик которулуусу ишке ашат.
Которулуу кубулушу кинетикалык теңдеме менен жазылат. Которулуу кубулушу гомогендик жана гетерогендик системаларда болуп өтөт. Которулуу кубулушуна электр өткөрүмдүүлүк, диффузия, жылуулук өткөрүмдүүлүк, илээшкек агым кирет. Бардык агрегаттык абалдагы системаларды Которулуу кубулушунун теориясы теңсалмаксыз процесстердин термодинамикасында берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0