Кох Роберт
Кох Роберт (11. 12. 1843, Клаусталь, Төмөнкү Саксония – 27. 5. 1910, Баден-Баден) – немис бактериологу, азыркы эпидемиология жана бактериологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Петербург Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (1884). Гёттинген университетин бүтүргөн (1866). Вольштейнде сан.-врач (1872–80) болуп иштеп, үй лабораториясында 1-микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Берлин университетинин профессор жана Гигиена институтунун (1885–91) жана Берлиндеги Жугуштуу оорулар институтунун директору (1891–1904), кийин ал институтка анын ысмы коюлган. Ал өзүнүн жардамчылары менен денеден сырткары бактерия культурасын өстүрүп, анын оорунун себепчиси экендигин далилдеген. Негизги илимий иштери жугуштуу оорулардын козгогучтарын – микроорганизмдерди табуу жана ага каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган. Сибирь жарасынын, туберкулёздун (1882), холеранын (1883) козгогучтарын (1890) тапкан. Бактерия спорасынын оорунун таралышындагы маанисин көрсөткөн, бактериологиялык изилдөө ыкмаларын иштеп чыккан жана дезинфекция жолдорун сунуш кылган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1905).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9