Кочкор-Дөбө тоосу

Википедия дан

Кочкор-Дөбө тоосу - Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш тармагы.

Кетментөбө өрөөнүнүн түштүгүндө. Батыштан чыгышты карай кеңдик багытта ийилип созулуп жатат. Узундугу 21 км, туурасы 6 кмдей. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1700-1800 м, эң бийик жери 2534 м. Тоонун суу бөлгүчү түзөң жана тайпаң. Тоо капталдары жантайыңкы (20-30°). Неогендин боз түстүү конгломерат, кумдук ж. б. тоотектеринен түзүлгөн.

Эфемерлүү талаа ландшафты басымдуу. Чарбада чабынды жана жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5