Кочкор шаар калдыгы

Википедия дан

Кочкор шаар калдыгы – 10–12-кылымдардагы Караханиддер дооруна таандык шаар калдыгы. Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. 1940-ж. A. Н. Бернштам изилдеген. Шаар Кочкор-Ата мазарынан 4 км алыс жайгашып, туурасы 400 м, узундугу 870 м өлчөмүндөгү тик бурчтук аянтты ээлеп жаткан. Кочкор шаар калдыгынан Караханиддер дооруна таандык жөнөкөй чопо жана сырдалган карапа идиштердин сыныктары табылган. Түштүк-батыш урандысын бойлой Кырк-Чоронун күмбөзү деп аталган 18-кылымга таандык эстеликтер орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]