Мазмунга өтүү

Кочкор (айыл)

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Кочкор
Өлкө[[ Кыргызстан]]
Облус[[ Нарын облусу]]
Айыл округКочкор айыл округу
Координаттар42°12′47″ с. ш. 75°45′14″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы9 764[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор

КочкорКыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районундагы айыл. Райондун жана Кочкор айыл аймагынын административдик борбору.

Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Калкы 9,9 миң (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-кылымдын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагерлери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйкандары көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. Үркүндө орустарды жергиликтүү кыргыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]