Кошоев Ахунбай

Википедия дан

Кошоев Ахунбай – акын. Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 1950-жылы 14-сентябрда туулган. 1968-жылы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин аяктаган.

1968–1972-жж. Ош педагогикалык институтунун студенти болгон. 1973–1974-жж. Советтик Армиянын катарында болуу менен Дүйшөбү шаарындагы офицерлерди даярдоо курсун бүткөн.

1976–1990-жж. Ички иштер башкармалыгынын карамагында эмгектенген. Жогорку юридикалык-укук таануучулук билими бар. 1990–1993-жж. Бишкек Гуманитардык университетинде эл аралык байланыш башкармалыгынын башчысы, проректор кызматтарында эмгектенген. 1993-жылдан жеке бизнесте болуп, 1997-жылдан Кыргыз-Орус биргелешкен ишканасынын уюштуруучуларынын бири. «Озкент» Жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору жана Кыргызстан – Монголия Достук коомун жетектейт.

1976-жылы алгачкы ырлары «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган, кийин «Советтик Кыргызстан», «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде жана «Ала-Too» журналында ыр топтомдору, «Алас», «Апта», «Кыргыз руху», «Ачык саясат», «Кылмыш жана жаза», «Преступление и наказание» гезиттеринде кыргыз-орус тилдеринде макалалары жарык көрүп келет.

1986-жылы Алматыдагы «Жазушы» басмасынан «Кыргыз акындарынын өлеңдери” жыйнагында анын ырлары жарык көргөн.

2006-жылы Кыргыз – Монгол эл аралык экономикалык жана достук мамилелерине кошкон салымы үчүн Монгол Республикасынын президентинин жарлыгы менен «Чынгызхан» жана «Улуу монгол империясынын түзүлүшүнүн 800 жылдыгы» медалдары менен сыйланган.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талаа жана лабиринт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 42 б.

Санаагөй: Ырлар. – Б.: Мектеп, 1986. – 50 б.

Талаа жана лабиринт: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Асель, 2008. – 88 б.

Талаа жана лабиринт:: Ырлар жана поэмалар / толукталып, кошумчаланып басылышы. – Б.: “Салам” басма үйү, 2010. – 600 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]