Мазмунга өтүү

Кошоев Марат Темирбекович

Википедия — ачык энциклопедия

Кошоев Марат Темирбекович (25. 6. 1961-ж. т., Ош облусу, Кара-Суу шаары) — юстициянын генерал-майору (2008), Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси (1999). 1983-ж. Кыргыз Мамлекеттик университетин бүткөн. 1983—85-жылдары Бишкек шаарындагы 1-Май райондук, 1985—88-жылдары Бишкек шаардык прокуратураларында тергөөчү, улук тергөөчү, 1988—91-жылдары Кыргыз ССРинин прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, 1991—93-жылдары Чүй облусу прокуратурасында улук прокурор, бөлүмдүн начальниги, 1993— 98-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, улук прокурору, башкармалыктын начальниги, 1998—2004-жылдары Бишкек шаардык, 2004-ж. Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары, 2004—08-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча ведомство аралык комиссиянын мүчөсү, 2008-жылдан Кыргыз Республикасынын аскер прокурорубашкы прокурордун орун басары.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]