Кошойдун-Кара-Тоосу

Википедия дан
Кошойдун Каратоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Кошойдун-Кара-ТоосуНарын кырка тоосунун бир тармагы. Нарын жана Ат-Башы өрөөндөрүнүн ортосунда 27 кмге чейин созулуп жатат. Орточо бийиктиги 3530 м, эң бийик жери 4066 м (Кошойдун чокусу). Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец жана кумдук тектеринен турат, Чыгышындагы тик бетүү (60-70) капчыгайда Атбашы ГЭСи курулган. Неотектоникалык тиби боюнча горст-антиклиналь. Түндүк бетине негизинен кургак талаа (2100-2600 м), шалбаа (3000-3400м), түштүк капталына коксоо, жарым чөл ландшафтары мүнөздүү.

«Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Катагандын кан Кошой кароол караган бул тоо эл арасында К.-К.-Т. аталат. Тоодон 50—60 км түштүк-чыгыш тарапта Ат-башы, Кара-Коюн өрөөнүнүн таманында Кошойдун коргону жайгашкан. Уламышта Кошой баатырдын Кара тоонун чокусундагы Манастын ордосунда туруп «балдар атка чөп салып койгула, малды сугаргыла, чыгаргыла» дегени коргондогуларга кадимкидей угулуп турчу экен деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4