Кошой баатырдын Билерикти куткарганы —

Википедия дан

Кошой баатырдын Билерикти куткарганы — варианттардын дээрлик бардыгында бар сюжет, жалпы окуялардын өнүгүшүндөгү өзүнчө бутак. Алтымыш миң кол менен чыккан Кошой аскерин Кашкарга таштайт да, аялы Аруукенин акылы боюнча көп сака, чүкө, тарамыш камдап алып, кытай думанасынын кебин кийип өзү жалгыз жол тартат. Жолдо жылаңач бала болуп алып өткөндөрдөн чүкө сурап, сыйкырдуу сакасы менен атып өлтүрүүчү дөөнү жеңип өлтүрөт, андан нары кумган көтөрүп алып төө кайтарып, өткөн-кеткендерден тарамыш сурап, кумганындагы сууга чөгөрүп өлтүрүүчү он беш жаштагы сыйкырчы кыз, Ороңгунун сиңдиси Кубангерди жеңип, ага үйлөнөт. Көбөк чалдын сыйкырдуу атын өлтүрүп, сыйкырчы чалдын өзүн да жайлайт. Кырмустун тууганы Мунардын шаарына кирип, ордогу Билерикти бошотот, Кырмустун шаарына барып, аңдып туруп, үйүнөн аны өлтүрүп, кебин кийип, тагына отурат. Такта отурган Кошой экенин эч ким билбейт. Билерикти Кашкарда калган колду алып келүүгө жөнөтөт. Кабар алган кол Кырмустун шаарын бет алат. Колдун ичинде Бакай да болот.

Билериктин туткунга түшүшү, аны ордон Кошойдун бошотушу белгилүү варианттардын көбүндө бар. Радлов жазып алган вариантта, айрым варианттарда бул эпизод өзүнчө бөлүм катары айтылбаганы менен эскерилет. Демек, сюжет «Манаста» мурдатан келе жаткан туруктуу деталь. Бирок, Сагымбай Орозбаковдун вариантында бул окуя мазмуну, мүнөзү, баяндалышы жагынан көп варианттардан айырмаланып турат.

Эпизод укмуштуу-кереметтүү жөө жомокторго жакын туруп, негизинен сыйкыр, кубулуп башка түргө, кебетеге өтүү, учуп жүрүү өңдүү кереметтер сүрөттөлүп, сыйкырдуу күчкө ээ көптөгөн каармандар катышат. Окуянын баяндалуу ыгы да баатырдык эпостордон башкачараак. Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын планда бул эпизод Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында берилген. Башка варианттарда жөө жомоктук белгилер анча сезилбейт.

Жөө жомоктук, уламыштык, мифтик жана башкалар ар кандай материалдар эпоско кошулуп, сюжет кеңип, мазмуну байып отурушу кеңири белгилүү ыктардан. Бул айрыкча эпостордун жаралуу, калыптануу учурларына мүнөздүү. «Манас» — калыптануу учуру негизинен бүткөн, окуялары композициялык бүтүндүккө ээ, сюжеттик өнүгүшү такталган, ар бир салттык окуяларынын туруктуу орду бар чыгарма. Анын курамына качандыр кирген жөө жомок, уламыш, мифтер алгачкы маанилерин, белгилерин жоготуп, өзгөртүп, эпостук мүнөзгө, духка ээ болуп, чыгарманын жанрдык таламдарына ылайык кайра иштелип чыккан. Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Кошойдун окуяларын жөө жомоктук материалдарды эпоско кошуу процессинин толук бүтө элек көрүнүшү катары кароого болот. Бул вариантта мындай мүнөздөгү окуялар бир топ. Мисалы, Чүйгө келаткан жолдогу капчыгайда аярлардын урушу жана башкалар

Радлов жазып алган вариантта Билерикти бошотуу Кошойдун сөзү аркылуу гана эскерилип, окуяларынын өнүгүшү кеңири берилбейт. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас Кошой менен коштошуп үйүнө Алтайга жөнөгөндөн кийинки сюжеттин нугу бул түрдө: Качып кутулган Жолой менен Дөөдүр Эсенканга барып Манасты алалбай койгондугун айтат. Эсенкан Жолойду тилдеп, көп кол менен же өлүп кел, же Манасты байлап кел деп, чоң мерген Каражойду кошуп аттантат. Жолой Алтайга келаткан жолдо көчтүн изин көрөт. Манас эли менен качкан экен деп из кууп жөнөйт. Көрсө МанасКошойгокеткенден кийин кытайлардан кооптонгон кырк үйлүү кыргыз Акбалтанын акылы боюнча көчүп, Ала-Тоого бет алып жөнөгөн экен. Калган элге бел бол деп Манас таштап кеткен Кутубий (Чеге) көчтүн артында кароол карап жүрүп каптап келаткан эсепсиз колду көрөт да, көчкө кабар берет. Жакып көчпөй эле койбой, Манасты көкүтүп жатып ушунун баарын сен кылдың деп Акбалтага наалыйт. Акбалта келген ажал болсо ким качып кутулмак эле деп, көчтү ылдамдап илгерилей бергиле деп жөнөтүп коюп, Кутубий экөө жоонун алдын тосуп урушка кирет. Калың кол менен тозоттоп көпкө урушуп, экөө тең жара жеп, шайы кетет. Колго түшө турган болгондо Кутубий өзү жүрө албай калган Акбалтаны коштой качып кыргындан аман алып чыгып, Ат-Мазарга жетип конушат. Эртең менен жоо жете келгенин көрүшөт. Ошол кезде качып бараткан көчкө кырк бала жолдоштору менен Манас келип жолугуп, Кутубий менен Акбалтанын жок экенин көрөт. Жакып тынч жашап жаткан жерге тим койбой ордолуу журтка катыласың, Эсенкан эсепсиз көп кол жиберген экен, Балта менен Кутубий алардын алдын тоскону калган, экөөнү жоо алып койду го деп наалыйт. Экөөнүн кунун кууймун деп аттанган Манас жолдон Акбалта менен Кутубийге жолугуп, урушпай эле качып кете берели деген Акбалтанын сөзүнө көнбөй, урушка камданат. Жакындап келген кытайдын колунун ичиндеги Нескара дөө сынчы экен, алыстан көрүп Манасты сынайт, согушкан менен алыбыз жетпейт, мындан да көп кол жыйнап анан келели дейт. Эсенкандын каары катуу, эми качып барсак баарыбызды соо кылбайт деп, Жолой көнбөй колун каптатат. Катуу согушта Манастын кырк жолдошу бүт курман болот. Манас каарданып, катуулап урушуп, Кутубий экөө кытайдын колун кайра сүрөт. Нескара Манаска келип үч күн тыным алууга уруксат сурайт. Манас макул болот. Кытай баатырлары качып калган колун токтотуп, баш-аягын жыйып, кайра качпаска катуу убадалашып, согушка камданышат.

Манасты кайра узаткандан кийин Кошой он эки миң кол алып, Билерик менен Жарманасты бошотуп алуу үчүн Бээжинге аттанат. Кытайдын аскери Алтайга кеткендиктен Кошой туткундагыларды оңой эле бошотуп, көп олжо алып, кайра тартат. Жолдон Манаска берген убадасы боюнча Кошой Алтайга карай бет алат.

Үч күн мөөнөт бүтүп, кытайлар кайра уруш баштап, катуу кыргынга учураган кытай колу кайра качууга бет алат. Ушунча адам бир адамга тең болбойбузбу деп намыстанган Жолой ачууланып, качкандарды жыйнап, кайра каптатат. Казыналык чоң балбан Оргону жайлап, Жолойду качырган Манастын аты Торучаарды кыядан тосуп Каражой мерген атып өлтүрөт. Жөө калган Манасты кармап алабыз деп кубанган жоо курчап кетет. Ушул учурда Кошой колу менен келип калат. Колдун ичинде Айкожо, Айдаркан, Музбурчак, Буудайык жана башкалар бар. Кошой Манаска алып келген Айбанбоз атты берет. Атты минип Манас согушка кайра кирет. Манас баш болгон Кошойдун колунун кысымына чыдабай качып кытайлардын көбү кыргын табат. Жолой, Нескара, Каражой качып кутулуп Манаска алдары жетпей турганын Эсенканга айтып барышат. Катуу капаланган Эсенкан Карыканга кеңешип, сынчыдан сынчыга сынатып, Коңурбайды жактырып, Манастын жолун тостуруп Бээжиндин чегине коёт, Куу кулжа, Куу түлкү, Куу өрдөктөрдү кароол каратып, Манас акыры Бээжинге келет деген ой менен жатып калышат. Кошойдун кеңеши боюнча Манас көчүп барып Таластан жай алат.

Баяндалган окуяларда Кошойдун Билерикти бошотконунан башка да Ата Мекенди табуу темасы улантылган. Ал эми эпикалык душмандардын баатырдын бул аракетине каршы туруп, Эсенкандын кол жөнөтүшү Жолой, Нескаралар менен согуш аркылуу ата журтту табуудагы кыйынчылыктарды жеңүү, кыйынчылыкка учураган баатырды куткарып алуу окуянын өз алдынча чечмелениши болуп саналат.

Башка манасчылардын ичинен мекенди табуу Шапак Рысменде уулунун вариантында Саякбай Каралаевдин вариантына жакын планда сүрөттөлөт. Билерикти бошотууга көп кол курап аттанган Кошой Кашкарды басып өтүп, Аксыдагы Нескараны камап, аны качырып, Билерикти бошотуп алат да, кайра келе жатып Манаска учураша кетмек болуп Алтайга барат. Ата-бабаңдын жерин тап деген Кошойдун кеңеши боюнча Манас көчүп чыгып, эки айда Таласка жетип конот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4