Кошонов Анарбек Айтышевич
Кошонов Анарбек Айтышевич (4. 3. 1954-ж. т., азыркы Талас облусу, Киров району, Киров кыштагы) – генерал-майор (1995). И. С. Конев атындагы Алматы жогорку командалык окуу жайын (1975), М. В. Фрунзе атындагы Москва аскердик академиясын (1988) бүткөн. 1975–81-жылдары Казакстанда мотоаткычтар дивизиясында взвод, рота командири, батальон командиринин орун басары-штаб начальниги, 1981–85-жылдары Германия Демократиялык Республикасында мотоаткычтар дивизиясында батальон командиринин орун басары-штаб начальниги, командири, 1988–89-жылдары Тажикстанда гвардиялык мотоаткычтар полкунда командирдин орун басары-штаб начальниги, 1989–91 -жылдары Фрунзе автомобиль сүйүүчүлөр мектебинин начальниги, 1991–92 -жылдары ДОСААФтын (Армияга, Авиацияга жана флотко көмөктөшүүчү ыктыярдуу коом) Ош облусу комитетинин бөлүм начальниги-төраганын орун басары, Советтин төрагасы, 1992–93-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин ички аскеринин полк командири, командачынын орун басары, 1993–94 -жылдары 1-орун басары-штаб начальниги, 1994–97-жылдары бригада командири, 1997–98-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде иш башкармалыгынын начальниги, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын спорттук-техникалык уюмдун борбордук коргоо кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкы штабында начальниктин 1-орун басары-оперативдик башкы башкармалыктын начальниги.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9