Коэрцит күчү
Коэрцит күчү (латынча coеrcitio – кармап туруу), кармап туруу күчү – магниттик гистерезистин мүнөздөмөлөрүнүн бири. Коэрцит күчү ферро же ферримагниттик үлгүнү алгач толук каныгууга чейин магниттеп, аны толук магнитсиздендирүүгө керек магнит талаасынын чыңалышы Нс Коэрцит күчү үлгүнүн магниттелиши жана магнит индукциясы нөлгө барабар болуп айырмаланат. Коэрцит к. коэрцитиметр менен өлчөнөт. Ферромагнетиктердин Коэрцит күчү 10—3—104 Э (8.10—2 — 8.105 А/м ге чейин) болуп өзгөрөт. Коэрцит күчүнүн чоңдугуна карата магниттик материалдар магниттик жумшак (Нс кичине) жана магниттик катуу (Нс чоң) болуп бөлүнөт. Үлгүдөгү кошулманын ж. б. кристалл торчосунун дефектти магниттик домен кыймылын кыйындатат жана ошону менен бирге Нс ны чоңойтот. Коэрцит күчүнүн жогорку мааниси (103—104 Э) бир домендүү ферромагниттик бөлүкчөдө алынат. Магниттик жумшак материалдан трансформатордун өзөкчөсү, магниттик катуу материалдан турактуу магнит жасалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9