Коңкайтиева Дарыйка
Коңкайтиева Дарыйка Уз, бычмачы, тикмечи. 1912-ж. Бакай-Ата районундагы Победа колхозу жайгашкан аймакта төрөлгөн.
Сабатсыздыгын жойгон. Анын уздугу элдик кийим-кечектерди бычып-тигүүдөн, кийиз буюмдарын кармоодон көрүнгөн. Уздун ала кийиз уютуу ыкмасы өз чөлкөмүнө тараган. Ал адегенде козунун жүнүнөн жука кийиз уютуп алып, аны боёп, кийизге энине карата төрт-алты кабаттап оюм түигүрет. Анан жашыл, сары жүндөн чийге тарамдайт да, үстүнө оюлган кийизди жаткызат. Туш тараптан беш-алты адам чоюп, арткы кара жунү көрүнбөскө араларына жашыл, сары жүндөн коюп кычыктайт. Болжолдо 6 чакадай ысык сууну кийиздин четинен бир адам сээп, экөө чийди түрө баштайт. Ала кийизге түшүрүлгөн көркөм оюмдук түрлөрү ийкемдүү келип, өзүнүн фонуна живопистик артыкчылыкты берет. Ала кийиз кармоодо, ак, кара, жашыл, сары, кызыл түстөрдү ич ара ойдогудай жайгыза алат. Дарыйка карыялар көөлбүп кийүүчү тондун жакалык көрпөсүнүн жүнүнүн узундугун эки-үч элиден ашырбай, ичиктин өңөрүнө, этек-жеңине жүнү кыска кара көрпөдөн тандайт. Кара кыжымыдан, чийбаркуттан энин карыштай кылып «көбөө» коёт. Көрпө көбөөлөнсө, ага кыжымыдан жээк коюлат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0