Коңур топурак

Википедия дан

Коңур топурак – ак кылкан-бетегелүү жана бетеге-шыбактуу кургак талаа жана жарым чөл топурак тиби. Коңур топурак Түркия, Моңголия, Түндүк Кытай, АКШ, Аргентина ж. б. өлкөлөрдө көп кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Казакстан, Украинанын түштүгү, Волга боюнун кургакчыл райондорунда, Түндүк Кавказ, Батыш Сибирь ж. б. жерлерде бар. Коңур топурактуу зонанын климаты кескин континенттүү, кургакчыл келет. Коңур топуракта карбонаттар көп; эригич туздардын болушу анын шор жана шортоң топуракка айланышына алып келет. Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 12%ке жакыны Коңур топурактуу келет. Тоонун Коңур топурагы өрөөндөгүгө караганда чириндилүү, күрдүү келип, жайыт, чабынды жана кайрак жер түрүндө пайдаланылат. Өрөөндөрдөгү Коңур топурактуу сугат жерде буудай, беде, эспарцет, картөшкө өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]