Мазмунга өтүү

Кракле

Википедия — ачык энциклопедия

Кракле (французча  craquele) – көркөм керамикада кооздук натыйжасын алыш үчүн жасалган, боёлуп жана эритилген керамикалык буюмдун үстүңкү бетиндеги көзөнөкчөлөнгөн жука жарака торчолору. К. жаракалары көлөмү жана түшүрүлгөн сөлөкөттөрү боюнча ар кандай болушат жана ар кандай сүрөт торчолорун түзө алышат. Эритилбеген жана боелбогон көзөнөкчөлөр, жаракалар өндүрүштө «цек» деп аталган өндүрүштүк кемчилик болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]