Красильников, Иван Павлович
Красильников Иван Павлович — Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры.
Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1910-жылы Саратов областындагы Балтай айылында кедей-дыйкандын үй бүлөсүндө туулган. Улуту орус. 1929-жылыФрунзеге көчүп келип, “Кондитер” артелинин нан цехинде мастер болуп иштеген. Советтик Армияга 1941-жылы чакырылган. Катардагы жоокер, аткыч.
Эрдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылдын августунан баштап, Сталинград, Борбордук жана 1-Белорус фронтторунда катышкан. Эки жарадар болгон, бирок катарга кайтып келген.
Наамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1943-жылы 30-октябрда Днепрдан өтүү учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Совeттер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.
Согуштан кийинФрунзедe иштеген. 1968-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Иманкулов А., Алыкулов Б., Турсунбеков Ч. “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт” — Фрунзе, 1986.