Кредит-акча саясаты
Кредит-акча саясаты – өлкө менен улуттук (борбордук) банктын биргелешип иштеп чыккан мамлекеттик экономикалык саясатынын багыттарынын бири. Жалпы жонунан Кредит-акча саясаты өлкөнүн экономикалык саясатынын максаты менен дал келет, бирок айрым субъекттерге, объекттерге байланыштуу өтмө жана тактикалык максаттарга ээ. Кредит-акча саясатынын объекттери болуп акча рыногундагы сунуш жана талап эсептелет. Субъекти болуп, биринчи кезекте Кредит-акча саясатын жүргүзүү укугуна ээ улуттук (борбордук) жана коммерциялык банктар каралат. Кредит-акча саясатынын багыты катары кредит экспансиясы жана рестрикциясы эсептелет. Ал негизинен айлануудагы акча каражаттарын көбөйтүүгө, ошол эле учурда коммерциялык банктардын кредит берүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9