Кредит (насыя)

Wikipedia дан

Кредит (лат. creditum – ссуда, карыз) – 1) кредиттик келишим боюнча кайтарып берүү жана пайдалангандыгы үчүн үстөк пайызын кошо кайырып берүү шарты менен карыз алуучуга банк же дагы башка кредит уюмдары (кредит берүүчү) тарабынан берилүүчү акча каражаты. (Аны «зайым» түшүнүгүнөн айырмалай билүү керек); 2) бухгалтердик эсептин дебетке карама-каршы эсептерде өзгөртүүлөрдү туюнтуучу аталгысы.[1]

Кредиттик мамилелер - экономикалык мамилелерге катышкан субъектилер арасында нарктын кыймылынын тегерегинде жаралуучу коомдук мамилелер. Кредиттик мамилелер ар кандай калыпта болушу мүмүкүн: коммерциялык кредит, банктык кредит, карыз, лизинг, факторинг ж.б.у.с.

Кредиттин маңызы - кредит нарктык мамилелердин өзгөчө калыбы катары, бир экономикалык субъектинин наркы убактылуу бошоп, кайта өндүрүү процессине катышпаган учурда пайда болот. Кредиттин жардамы менен нарк аны колдонбогон (кредитор) бир уюмдан кошумча каражаттарга муктаж болуп турган экинчи уюмга (карыз алуучуга) өтөт.

Кредиттин функциялары - кайта бөлүштүрүү, жүгүртүү куралдарын жаратуу, кайта өндүрүү жана стимулдаштыруу.

Кредиттин калыптары - акчалай кредит, товардык кредит, аралаш кредит.

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7