Мазмунга өтүү

Кремний кош окcиди

Википедия — ачык энциклопедия

Кремний кош окcиди, кремнезём, кремний ангидриди, SiO2 – кремнийдин кычкылтек менен бирикмеси. Балкып эрүү t 117280С, кайноо t 125900С. Жаратылышта кварц, тридимит, кристобалит, китит, коусит минералдары түрүндө кездешет. Анын кристаллдык модификациясынын түрлөрү көп, кварц минералы ж. б. түрүндө жер кыртышынын массасынын 12%ин түзөт. Cууда, кислотаталарда (плавик кислотасынан башка), оргникалык эриткичтерде эрибейт. Щелочтордо жакшы эрийт. Фтор, фтордуу суутек менен реакцияга кирет. Cуу буусунун атмосферасында кремний хлоридинин (SiCl4) буусун курамдык бөлүккө ажыратуудан (1100–14000С) аморфтуу кремнезём пайда болот. Ал радиотехникада, силикат өнөр-жайыда, айнек, фарфор, фаянс, карапа, силикат кыштарын, цемент ж. б. алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]