Кремний органикалык суюктуктар

Википедия дан

Кремний органикалык суюктуктар, силикон майлары - молекулярдык массалары анча чоң эмес органо-силикондордун олигомерлери же полимерлери.

Кремний органикалык суюктуктарга түз сызыктуу же тармакташкан полидиметилсилоксандар, полидиэтилсилоксандар жана полиметилфенилсилоксандар тиешелүү. Алардын молекулярдык массасы бир нече жүздөн 30 миңге жетет. Кремний органикалык суюктуктар тышкы көрүнүшү боюнча нефть майларына окшош. Алар гидрофобдуу жана жогорку температурада кычкылдандыргычтарга туруктуу болуп, температуранын өзгөрүшү менен алардын илээшкектиги өтө аз өзгөрөт. Полидиметилсилоксан суюктуктары абадагы кычкылтекке 175°С ге чейин туруктуу, 200°Сде кычкылданат. Кээ бир элементтер (Си, Pb, Se, Те) силоксан чынжырчаларынын ажырашына катализатор болот.

Полидиметилсилоксандар инерттүү чөйрөдө 250°Сге чейин туруктуу. Полиметилфенилсилоксандар абанын катышуусунда 250°Сде, ал эми инерттүү чөйрөдө 300°Сде гана ажырай баштайт. Көпчүлүк Кремний органикалык суюктуктар майлоочу май катары өз алдынча, же нефть, же синтетикалык май менен кошулуп колдонулат. Алар көп учурларда трансформаторлорго, конденсаторлорго, радио электрондук жабдуулардын кээ бир бөлүктөрүнө суюк диэлектриктер катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.