Кривощенков, Алексей Александрович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кривощенков, Алексей Александрович (орус. Кривощёков Алексей Александрович) – Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры.

Өмур жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

1907-жылыНовосибирск шаарында туулган. Улуту орус. КПССтин мүчөсү. 1936-жылы Ак-Түз кенинин курулушуна келип, ал жерде прораб болуп иштеген.Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылган. Кенже лейтенант. Инженердик-миналык ротанын взводунун командири.

Эрдиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Улуу Ата Мекендик согуштаСтепной, 2-Украина фронтунун составында салгылашкан. Орел-Курск алкагындагы салгылашууларга жана Днепрден өтүү учурунда аскердик чеберчиликти жана каармандыкты көрсөткөн.А. А. Кривощеков командалык кылган взвод душмандын 2315 минасын зыянсыздандырып, суу тоскоолдуктары аркылуу ондогон өткөөлдөрдү салган.

Сыйлык – наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Эрдиги жана каармандыгы үчүн эки Жылдыз Орденин ,бирКызыл Туу орденин алган.Днепр аркылуу өткөөл жассоо боюнча күжүрмөн тапшырманы эң мыкты аткаргандыгы үчүн 1943-жылы 20 – декабрда Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыктуу болгон.
1945-жылы 21-февралда салгылашуулардын биринде баатырдык менен курман болгон. Сөөгү венгр жерине коюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]