Мазмунга өтүү

Криоген машинасы

Википедия — ачык энциклопедия

Криоген машинасы – криоген температурасын, башкача айтканда 120 Кден төмөнкү температураны алуу жана пайдалануу техникасы. Криоген машинасы негизинен газды суюктукка айлаңдырат (азот, кычкылтек, гелий ж. б.), ошол абалда сактайт жана керектүү жерге ташыйт; газ аралашмасын жана изотопторду төмөнкү температурада бөлөт (мисалы, абадан таза азот, кычкылтек жана аргоңду алуу); 120 Кден төмөнкү температураны кармап туруучу криорефрижераторлордо (муздаткыч машиналар) пайдаланылат; жогорку өткөрүмдүү жана электр-техникалык түзүлмөлөрдү (матит, солетид, трансформатор, электр машиналарын жана кабелди, ЭЭМ түйүңдөрүн гироскоп ж. б. ), электр приборлорун (квантык күчөткүч жана генератор, инфракызыл нурларды кабылдоочтор ж. б.), биологиялык объектилерди криогеңдик температурада кармайт, жөнгө салат; криогеңдик температурада илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жабдык жана аппаратураларды иштеп чыгууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]