Криофилдер

Википедия дан
Xanthoria elegans.

Криофилдер (гр. kryos – суук, phileo – сүйүү) – туруктуу төмөнкү темп-ра шартында жашоочу организмдер. Аларга көбүнчө Түндүк, Түштүк уюл сууларындагы жаныбарлар, ийне терилүүлөр, балыктар, моллюскалар, муздак дарыя жана өзөндө жашоочу балыктар (жилингир, айрым планариялар), ошондой эле уюлдагы кургакта жашоочу жана тоо жаныбарлары кирет. Көпчүлүк криофилдер стенотермдер, мисалы, офиура ophipleura жана голотурия elpidia qlacialis +1оСден жогорку суунун температурасына чыдамсыз келет. Таймен, майканат муздак суу балыктары суунун температурасынын бир аз жогорулашынан алардын жалпы активдүүлүгү жана азыктануусу төмөндөйт. Анткени, суунун температурасынын жогорулашы менен сууда эриген кычкылтек азаят. Ал эми кээ бир арктикалык балыктын канынын курамында биологиялык антифриздердин болушу алардын тканындагы суюктукту тоңуп калуудан коргойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
  • Криофилы