Кристаллография

Википедия дан

Кристаллография (кристалл жана – графия) – кристаллдардын атом-молекулалык түзүлүшүн, симметриясын, физикалык касиеттерин, пайда болушун, өсүшүн окутуучу илим. Кристаллография туура көп грандуулук формасына ээ табигый кристаллдарды байкоодо жана изилдөөдө пайда болгон. Минералогия менен тыгыз байланышта. Өзүнчө илим катары 18-кылымдын ортосунан баштап өнүгүүдө. Кристаллдардын сырткы формасынын (А. В. Гадолин, 1867) жана алардын ички түзүлүшүнүн (Е. С. Фёдоров, 1890, А. Шенфлис, 1891) теориясынан кристаллдардын симметрия теориясы келип чыккан. Кристаллдарды сүрөттөп жазуу ыкмаларынын жыйындысы жана аларды грандоонун закон ченемдүүлүктөрү геомриялык Кристаллографиянын мазмунун түзөт. Кристаллдардын атомдук түзүлүшүн (NaCl, алмаз, SnS ж. б.) рентгенографиялык жол менен алууну англиялык физиктер У. Г. Брэгг жана У. Л. Брэгг (1913) ишке ашырышып, түзүлүштүк Кристаллографияны негиздешкен. Кристаллография кристаллдардын түзүлүшүн рентген-түзүлүштүк талдоо, электронография, нейтронография ыкмалары менен изилдейт. Кристаллографиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары физикада, минералогияда, химияда, молекулалык биологияда ж. б. кеңири колдонулат. Кристаллография илиминин өнүгүшүндө Л. Полинг, Н. В. Белов, В. Гольдшмидт, А. В. Шубников, Г. В. Вульф ж. б. эмгектери зор. Кыргызстанда Кристаллографиянын өнүгүшүнө профессор А. Алыбаков чоң салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]