Кристалл акустикасы
Кристалл акустикасы - акустикалык толкундардын кристаллдарда таралыш өзгөчөлүгүн, о. эле кристалл-дардын физикалык касиеттеринин анизотропиясынын акустикалык толкундардын мүнөздөмөлөрүнө тийгизген таасирлерин изилдейт (айрыкча алардын уюлданышына, чагылуу жана жутулуусуна, дифракциясына ж. б.).
Кристаллдарда көлөмдүк жана беттик акустикалык толкундар таралышы мүмкүн. Биринчиси кристаллдарда газ менен суюктуктагыдай эле каалаган багытта тараса, экинчиси эки кристаллдын бөлүнүш чегин же эркин бетин бойлото тарайт. Кристаллдардын серпилгичтик касие-тинин анизотропиясы акустикалык толкундардын таралыш мүнөзүнө чоң таасир көрсөтөт. Изотроптук катуу нерселерден айырмаланып кристаллдарда ар бир багыт боюнча үч серпилгич толкун: узатасынан жана эки туурасынан кеткен толкун тарайт. Анын ар бири өз алдынча фазалык ылдамдыкка ээ.
Кристаллдардын анизотропиясы акустикалык толкундардын эки чөйрөнүн чектериндеги чагылуу жана сынуу закондорун да татаалдантып жиберет. Чагылуу жана сынуу учурунда чекке келип түшкөн толкун ар кандай типтеги (алардын ичинде беттик) бир нече толкундарга ажырап кетиши мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0