Кристалл гидраттар
Көрүнүш
Кристалл гидраттар – курамында суунун молекуласы бар кристалл. Кээ бир туздар, кислоталар жана негиздер суу эритмелеринен Кристалл гидраттар түрүндө чөгөт. Жаратылышта көпчүлүк минералдар – Кристалл гидраттар (мисалы, гипс СаS04–2Н20, карналлит MgCI2–KCl–6H20 ж. б.). Кристалл гидраттарды ысытуу менен андагы кристаллдашкан сууну бөлүүгө болот. Кээ бир бирикмелер Кристалл гидраттар түрүндө гана туруктуу (мисалы, ВеС204–Н20), суусун бөлсө ажырап кетет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9