Кристалл оптикасы
Кристалл оптикасы – оптиканын жана кристалл физикасынын чектеш тармагы; ал жарыктын кристаллдагы таралуу законун изилдейт. Кристалл оптикасы кристаллдагы жарык нурунун кош сынышын, жарыктын уюлдануусун (полярлануусу), уюлдануу тегиздигинин айланышын, таралуу багытына жараша анын түсүнүн өзгөрүшүн (плеохроизм) ж. б. кубулуштарды үйрөтөт. Жарыктын кристаллда жутулуусун жана кристаллдын жарыкты нурдантуусун кристалл спектроскопиясы, электр жана магнит талаасынын кристаллдын оптикалык касиетине тийгизген таасирин, электр оптикасы жана магнит оптикасы изилдейт. Кристалл торчосунун параметри (≈ 10Ǻ) көзгө көрүнгөн жарык нурунун толкун узундугунан (4000–7000Ǻ) алда канча кичине болгондуктан, кристалл бир тектүү, бирок анизотроптуу чөйрө катары каралат. Жарык кристаллда бардык тарапка бирдей ылдамдык менен тараса, анда мындай чөйрө изотроптуу чөйрө деп аталат. Кристаллдын оптикалык анизотропия касиети бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет этүү күчтөрүнүн талаасынын анизотропиясына байланыштуу. Бул талаанын мүнөзү кристаллдын симметриясына көз каранды. Кубдук кристаллдан башка кристаллдар анизотропиялык касиетке ээ. Жаратылышта кезигүүчү турмалин кристаллын жарык нурунун жолуна тоскондо жарык нуру уюлданат. Жарык нуру бир октуу кристаллдан өткөндө уюлданып, өз ара тик эки нурга ажырайт. Кристаллдын башкы тегиздигине тик болгон нур кадимки нур, ал эми тегиздик боюнча термелген электр термелүүсү кадимки эмес нур деп аталат. Кандай гана шарт болбосун кадимки нур бардык багыт боюнча бирдей ылдамдыкта таралат да, сынуу көрсөткүчү туруктуу болот. Ал эми кадимки эмес нурларда, тескерисинче, сынуу көрсөткүчү (n) жарыктын таралуу багытына жараша өзгөрөт (n const). Кристалл оптикасынын ыкмалары уюлдашкан жарыкты алууда жана талдоодо, оптикалык затворду, модуляторду ж. б. жасоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9