Кристен Стүарт

Wikipedia дан

Кристен Жеймс Стүарт (англ. Kristen Stewart;1990-жылы 9-апрелде туулган) - америкалык актриса жана модель. Лос Анжелесте шоу-бизнесте иштеген үй-бүлөдө туулган Стүарт өзүнүн чыгармачылык жолун 1999-жылы атак алып келбеген бир нече тасмаларда тартылуудан баштаган. 2002-жылы "Коркунуч бөлмөсү" (англ. Panic Room) деген триллерде Жоди Фостердин кызынын ролун ойноп, "Young Artist Award" сыйлыгынын "Көркөм фильмдеги башкы ролду ойногон эң мыкты актриса" номинациясына талапкер болгон. Актриса "Сүйлө" (англ. Speak, 2004),) "Баланы токтот" (англ. Catch That Kid, 2004), "Затура" (Zathura, 2005) тасмаларине тартылып, "Катаал шартта" ( англ.Into The Wild, 2007) тасмасындагы ролу үчүн АКШ кионактерлер Гильдиясынын сыйлыгына талапкер болгон. Ал эла аралык атак-даңкка "Күүгүм" (англ. Twilight Saga, 2008-2012) фэнтези тасмасында Белла Свандын ролун ойноо аркылуу жеткен, фильм дүйнөлүк прокатта $3, 3 миллиард доллар киреше тапкан.

К. Стүарт "Жоруктар өлкөсү" (англ. Adventureland, 2009), "Качкындар" (англ. The Runaways, 2010), Аппак кыз жана Мергенчи (англ. Snow White and the Huntsman, 2012), "Жолдо" (англ. On the Road, 2012), "Рентген лагери" (англ. Camp X-Ray, 2014), Дагы деле Алиса (англ. Still Alice, 2014 ) жана "Бирдей" (англ. Equals, 2015) тасмаларында тартылган. Ал 2010-жылы Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Жаңыдан чыгып келаткан эң мыкты актриса" (Best Rising Star) сыйлыгын, "Райлилер үй-бүлөсүнө кош кел" (англ. Welcome to the Rileys, 2010) тасмасындагы ролу үчүн Эл аралык Милан кинофестивалында "Эң мыкты актриса" номинациясын жеңип алган. 2015-жылы "Зилс-Мария"(англ. Clouds of Sils Maria) тасмасында Жюлет Бинош менен бирге тартылган ролу үчүн бир нече сыйлыктарды жеңип алган, анын ичинде "Эң мыкты актриса" номинациясында Франциянын "Цезарь" улуттук кино сыйлыгына татыктуу болгон. 2016-жылы сценарийи Оливер Ассаяс тарабынан К. Стүартка арналып жазылган "Жеке кардар" (англ. Personal Shopper) аттуу тасмада ойногон. Бул режиссер менен актриса мурда дагы бир фильмде иштешкен.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Тартылган тасмалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]