Крит жазуусу
Крит жазуусу, крит- микен жазуусу – коло доорунда Грекиядан жана Крит аралынан табылган (б. з. ч. 3–2-миң жылдыктар) жазуунун бир түрү. Крит жазуусунун өнүгүшү үч этапка бөлүнөт: иероглифтик, А жана Б сызык жазуусу. Иероглифтик түрү кандайдыр бир нерсенин (мисалы, адам жана айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн ж. б.) сүрөттөлүшүн, ал эми А жана Б түрү аталгандай эле сызык жазууну билдирет жана анын 100гө жакын белгилери бар. Жазуу солдон оңго жана оңдон солго карай жазылып, грек тили үчүн пайдаланылган. Крит жазуусунун негизинде кипр жазуусу пайда болгон. Жазуунун Б түрү пайдаланылбай калган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9