Кроссинговер

Википедия дан
Кроссинговер.

Кроссинговер (англ. crossing-over - кайчылашуу) - конъюгация (биригүү) учурунда, гомол. (окшош) хромосомалардын бирдей бөлүктөрүнүн (гендердин) алмашуусу (15-сүрөт), мейоздун I бөлүнүүсүнүн профазасында жүрөт, сейрек митоздо да болот.

К. популяцияларда гендердин жаңыча куралышын - комбинациясын түзүп, табигый тандоого материал берип турат. К. - гендердин жаңыча куралышын түзүү, хромосомалардын чоң бөлүктөрүндө (бир канча гендерди камтыган), же бир эле генде (ген ичиндеги К.), ДНКнын молекуласынын кош чынжырында, же бир эле чынжырында болушу мүмкүн.

К-дин сырткы көрүнүшү хиазм (хромосомдордун икс формасында кайчыланышы) түрүндө болот. К-дин жыштыгы гендердин ортосундагы аралыкты көрсөтөт, гендер алыс жайгашса, К-дин жыштыгы жогору болот, жакын жайгашса төмөн болот. К. хромосомдордун генетикалык картасын түзүүдө жана башка генет-нын көп проблемаларын чечүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]