Кроссплатформа

Википедия дан

Копмүтердеги кроссплатформалык программа (ошондой эле көп платформалык программа же платформадан көз карандысыз программа) — бир нече эсептөө платформаларында ишке ашырылган компүтер программалык камсыздоосу. Кроссплатформалык программаларды эки түргө бөлүүгө болот; биринде ар бир колдоого алынган платформа үчүн өз алдынча куруу же жыйноо талап кылынса, башкасында атайын даярдыксыз эле кайсы гана платформада болсо да түз эле ишке киргизилет. Мисалы, ал интерпретатордук тилде же алдын ала жыйналган портативдик байткоддо жазылган болушу мүмкүн. Интерпретаторлор же мөөнөттүү пакеттер бардык платформалардын жалпы же стандарттуу компонеттери болуп эсептелет.

Мисалы, Кроссплатформа Microsoft Windows x86 архитектурасында, Linux x86 архитектурасында жана macOS'тун PowerPC же x86га негизделген Apple Macintosh системаларында иштеши ыктымал. Кроссплатформа программалары учурдагы бардык платформаларда, же болгону эки платформада иштеши мүмкүн. Кроссплатформанын алкактары (Qt, Xamarin, Phonegap, же Ionic сыяктуу) Кроссплатформаны өнүктүрүүгө жардам бериш үчүн бар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]