Крым

Wikipedia дан

Крым, Крым жарым аралы (крым-татар тиилнде Qırım yarımadası, Къырым ярымадасы) – Чыгыш Европанын түштүк бөлүгүндөгү жарым арал, 11-март, 2014-жылдан Россия Федерациясынын курамында. Батышынан жана түштүгүнөн Кара, чыгышынан Азов деңиздери, Керчь кысыгы менен чулганат. Материк менен кууш (8 км) Перекоп мойногу аркылуу туташат. Аянты 25,5 миң км2. Чыгыш бөлүгүндө Керчь, батышында Тарханкут жарым аралы жайгашкан. Түндүк бөлүгүн түздүк (Талаа Крымы), түштүгүн (Тоолуу Крым) Крым тоолору (эң бийик жери 1545 мге чейин) ээлейт. Крым тоолорунун түштүгүн этектей кууш тилке – Крымдын түштүк жээги созулуп жатат. Айрым жерлеринде лакколиттер (Аюудаг тоосу), байыркы жанартоо массивдери (Карадаг) кездешет. Негизги кен байлыктары: темир (Керчь темир кен таштуу бассейни), табигый газ (түндүк, түндүк-батышында), туз (Сиваш), акиташ, мергель ж. б., көлдөрүндө дары баткак бар. Түндүк бөлүгүнө мелүүн, кургакчыл, түштүгүнө субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы түндүгүндө 10 С, түштүгүндө 40С, июлдуку 240С. Жылына түндүгүндө 300 мм, тоолоруна 1200 мм жаан-чачын жаайт. Чакан дарыялар (Кара, Бельбек, Кача, Салгир ж. б.), туздуу лиман көлдөрү (Сак ж. б.), Түндүк Крым каналы бар. Түндүгүндө жана тоо этектерине коңур, кара, тоолоруна күрөң тоо-токой, яйлаларга кара, тоо-шалбаа топурактары мүнөздүү. Крымдын түндүк бөлүгүндөгү талаа негизинен айдалат. Тоолорунда эмен, бук-граб токою, деңиз жээктеринде шибляк түрүндөгү бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жээгинде Ялта, Мисхор, Алупка, Алушта ж. б. курорт шаарлар бар. Крым жарым аралында Ялта, Мартьян тумшугу, Карадаг ж. б. коруктары, ошондой эле Крым корук-аңчылык чарбасы жана Никита ботаникалык багы уюшулган. 15–18-кылымдарда Крым хандыгы ээлик кылган; 1783-ж. Крым Россия империясына кошулган. Крым согушунда (1853–56) согуш талаасына айланган. 1918–54-жылдары Россиянын, 1954-жылдан 2014-жылга чейин Украинанын курамында болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]