Кырым Муктар Республикасы

Википедия дан
Крым Республикасы‎»‎ барагынан багытталды)
Кырым Муктар Республикасы
укр. Автономна Республіка Крим
кырым-тат. Qırım Muhtar Cumhuriyeti
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Кырым Муктар Республикасы картада

Кырым Муктар Республикасы, карта

Өлкө:

Украина

Абалы:

Автономиялуу республика

Курамында:

14 район, 16 шаар

Акимий борбору:

Симферополь (де-юре)
Херсон (де-факто)

Түзүлгөн убакыты:

12-февраль 1991-ж.

Ырасмый тили:

украинче

Калкы (2014):

1 957 801

Жыштыгы:

75,5 адам/км²

Жер аянты:

26 081 км² (13 орун)

Аббревиатура:

КМР
укр. АРК
кырым-тат. QMC

ISO 3166-2 коду:

UA-43

Телефон коду:

+380-65

Кырым Муктар Республикасы, КМР (укр. Автономна Республіка Крим, АРК, кырым-тат. Qırım Muhtar Cumhuriyeti, QMC) – Украинанын субъектиси. Кырым жарым аралында жайгашкан. Аянты 27 миң км2. Калкы 1 895 915 (2015). Административдик-аймактык жактан 14 районго, 11 шаарга, 56 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Симферополь шаары. Калкынын негизин орустар (58,32%), украиндер (24,32%) түзөт, ошондой эле кырым татарлары (12,03%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 69,2%. Ири шаарлары: Севастополь, Симферополь, Керчь. Курорт шаарлары – Ялта, Евпатория, Алупка, Алушта.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кырым Чыгыш Европадагы калк байыртадан эле отурукташкан аймак. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1миң жылдыкта таврлар, 8–9-кылымдарда скифтер отурукташкан. Б. з. ч. 480-жыл ченде республиканын бир бөлүгү Боспор мамлекетине караган. 13-кылымда моңголдор тарабынан басып алынып, Алтын Ордого кирген. 1443-ж. Кырым хандыгы түзүлүп, ал Осмон империясынын вассалы болгон. 1783-ж. Россия империясына кошулган. Кырым Республикасы 1918–54-жылдары ОСФСРдин 1954-жылдан Украинанын курамына кирген. курамында. 1944-ж. Кырым татарлары күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн. 1967-ж. татарлар реабилитацияланып, кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен 1979-ж. күч менен Кырым Республикасынан чыгарылган. 1987-жылдан Кырым татарлары мекенине кайта башташкан. 1988-ж. федерация мыйзамы татарлардын Кырымда жашоо укугун тастыктаган. Кырым Республикасы 1992-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, республика статусун алган. Жаңы Конституциясы 1998-ж. 23-декабрда ишке кирип, Кырым Автономдук Республикасы болуп 18-март, 2014-жылдагы референдум деген келишимдин негизинде Россия Федерациясы менен оккупация болуп калды.

Өнөр жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш (мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, шарап, эфир-май ж. б.), машина куруу (кеме, тамак-аш өнөр-жайы үчүн жабдуу, приборлор, телевизор), химиялык, жеңил. Кен байлыктарынан темир, нефть, газ казылып алынат. ГРЭС курулган. Мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк, жашылчачылык, бакчачылык өнүккөн. Жүгөрү, соя, шалы, күн карама, тамеки, эфир-май өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Чочко, кой асыралат. Негизги порттору: Керчь, Феодосия, Ялта.

Башкы курорттору: Ялта, Мисхор, Алупка, Симеиз, Гурзуф, Алушта (Кырымдын Түштүк жээги), Феодосия, Евпатория.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]