Кубанбек Бектурганов
Көрүнүш
Бектурганов Кубанбек (1944-ж. т., Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш кыш.) социолог, социология илимд. доктору (2006), профессор (2006). КМУнун механика-математика факультетин (1970)бүтүргөн. 1977-80-ж. Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасында окуп, колдонмо социология боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон (1980). 1981-82-ж., 1988-92-ж. ФПИде улук окутуучу, декан. 1983-84-ж. Кыргызстан КП БКда инструктор, 1985-87-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия жана укуктаануу институтунда изилдөө борборунун башчысы, 1992-93-ж. КМУда декан, 1993-96-ж. кафедра башчысы болуп иштеген. Бир нече монографиянын жана 80ден ашуун илимий эмгектердин, макалалардын автору. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4