Мазмунга өтүү

Кубатбекова Алтынай

Википедия — ачык энциклопедия

Кубатбекова Алтынай (1901-1988) Оймочу. Кемин районундагы Тар-Суу айылында төрөлгөн.

Колхоздо эмгектенген. Узчулукту бычмачылык-тикмечиликтен баштаган. Европалык жана элдик кийим-кечектердин бардык түрүн бычып-тиккен. Кийин саймачылык, оймочулукка өтөт. Алтынай кызыл-көк, кара-сары, кара-ак түстөрдү бирдей колдонот да, көркөм оюмдарды курак бетиндей ала чакмактантпайт («ала чакмактоо» - буюмда ак-кара өңдү арбын колдонуу, башка өңдөрдүн өздүк касиеттерин бет алдыга даана алып чыгарбоо, бүткүл түстү өзүнө оодарып алуу). Уз аны «аламыч» катары эле эмес, башка оюмдардын - түстөрдүн өңүн бөлүп турууга, ача алууга пайдаланат. Уздун шырдактарында эки «кочкор мүйүз» эки «карга тырмак» менен бир тактаны түзөт. «Табакча» өзүнчө буюмдан турат. Ал жалпы оюм менен ортолук оюм катары берилет. «Аламыч» оюм араларында эмес, жээктей коюлат. Алтынайдын шырдактары түр шырдак жана бир түрдөгү шырдак болгондуктан мунун «такталарын» алып салууга, чоң шырдак кылса кайра ортолук оюмга кошуп коюуга жарактуу. Ал эми «табак оюмду» антип өзгөртүүгө болбойт. Анткени, «табак оюм» кийиз бетине туташ түшөт. Мыида «кочкор мүйүз оюмдун» башында «карга тырмак оюму» түшөт. «Карга тырмак оюму» менен «кош мүйүз оюму» биригип, «карга тырмак оюмунан» «карга тырмак оюму» чыгат. Шырдактарында «карга тырмак оюму», «бармак боочу оюму» ич ара уйкашат. Такталардын «аламычтары» кара-актан «араа тиш», «бычак учу» болуусу аркылуу буюм өзүнүн кооздук чегине жетет. Мында «аламыч» «четтик оюм» менен «ортолук оюмду» бөлүп турат. Уз ортолук оюмду элдик оюмдун элементтеринен тандайт. Ал четтик оюмдарда анын жеке кыялдарынын жарым-жартылай түспөлдөрү түшөт. Ал «жолборс тырмак оюму» түрүндө берилет да, оюмдар кызыл-көк менен беттешет. Мында сары менен кызыл ак-кара «аламыч» аркылуу айырмаланып, өзүнүн көркөм оюмдук жүзүнө чыгат. Уздун кармаган буюмдарына өзүнүн жараткан «жарым кыял оюму» үстөмдүк кылат. Оюм элементтери ичке оюлат да, буюмдун такталарынын ички оюм элементтери сырткы оюмдары менен түс жагынан өзүнчө катышат. Мында мала кызылга жашыл оюм түшүп, караактан бычак учу берилип, анын четине жашылдан өзүнчө «жолчо» түшөт. Мындай оюм мала кызыл, күңүрт кара түрүндө көрүнөт. Бул көрүнүш өзүнчө табакчаны түзгөндөй баамдалат. Мында «четтик оюм» жазы берилип, анын четиндеги «аламыч» өзгөрүлбөйт. Анда «кочкор мүйүз оюмдун» оюм баштары «жагалмай канаттанат». Алтынай бир эле түр шырдакта ток кызылды, мала кызылды, ток жашылды, ач жашылды алып, бири бирине беттештире берет. Жалпы алганда «бадал аюмдарын» элестетет. Мында сары-көк, кызыл-жашыл, ак-кара менен ич ара айкалышат да, буюмдун түрүн түр «ыскыт» ачат. Тактап айтканда, коюу көктүн жээги (ыскыт - милте) сары, кызылдын (коюу кызылдын - ток кызылдын) жээги сары, «аламыч» жээктери кызылдан ыскыт болот. Уз кызыл шырдактарды да арбын жасаган. Мында кызыл менен кара өң өз ара беттешет. Анын «аламычы» ак-карадан болот. Четтик оюм «жолборс тырмак оюмдан» тандалып, ал оюмдар жарым кызылдана берилип, ортолук оюм «кочкор мүйүз оюму» менен «карга тырмак оюмдан» турушу шарттуу. Мында кийиз жалпы оюмдан оюлуп, ортосуна көркөм оюмдун такталарына «жылдызча» түшүрүүсү аркылуу Алтынайдын буюму экенин баамдатат. Сайма өнөрүндө да Алтынайдын жеринен уздук татымы бар. Анын сайма туш кийиздериндеги «илме сайма» аркылуу түшкөн көркөм көчөттөр элдик салтка жатат. Ал нукура үлгүнү баамдатат. Негизги көркөм көчөт каражаттарын тоо гүлдөрүнөн, чөптүн түрлөрүнөн, мөмө жемиштин сабактарынан алат. Илме саймада мерчемдүү көчөт (ортолук көчөт, борбордук көчөт) «суу» аркылуу ажырайт. Аны уз актан жүргүзүп, эндүү, «каркыра канат көчөтү» сымалданта берет. Келини Чүңкалаева Насип кайын эненин таасиринде узданууда.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0