Мазмунга өтүү

Кувейттин эмири

Википедия долбоорунан
Кувейттин эмири
Башчылык кылганы

 Кувейт

Башкаруу түрү

Монархия

Расмий резиденциясы

Баян сарайы

Талапкерди сунуштоо

Кызмат мурас катары өтөт

Дайындалган мөөнөтү

Өмүр бою

Кызматтын пайда болгону

10 апрель 1961 (1961-04-10)

Кызматтын биринчи ыйгарылганы

Абдалла III

Сайты

da.gov.kw/

Кувейттин эмири (ар. أمير الكويت‎) — Кувейттин мамлекет башчысы жана куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы болуп саналат[1]. Конституцияга ылайык мыйзам чыгаруу бийлиги эмирге жана Улуттук Чогулушка өткөрүлүп берилет, аткаруу бийлиги эмирге жана министрлер кабинетине өткөрүлүп берилет. Эмирдин кызматы мыйзам тарабынан кол коргоолгон жана кол тийбес укуктарына ээ.

Баардык мыйзамдар Улуттук Чогулуш тарабынан бекитилип жана эмир тарабынан жактырылмайынча кабыл алынбайт[1].

Ыйгарым укуктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекет башчысы болуп саналат;
  • Салттуу кеңештен кийин премьер-министрди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
  • Премьер-министрдин сунушу боюнча министрлерди дайындайт жана бошотот;
  • Өлкөдө мураскор жок болгон же ал өлкөнү жетектөөнү жүзөгө ашыра албаган учурда регламент боюнча орун басарын дайындайт;
  • Мыйзамдарды демилгелөө, артка кайтаруу жана кабыл алуу укугуна ээ;
  • Берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде мыйзамдарды бекитет жана кабыл алат;
  • Кувейттин куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы болуп саналат;
  • Мыйзамга ылайык офицерлерди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
  • Коргонуу согушун жарыялайт;
  • Зарыл учурларда аскердик абал киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алат;
  • Улуттук Чогулуш иштебеген, шайланбаган же таркатылган учурларда Конституцияга каршы келбеген, мыйзам күчүнө ээ болгон декреттерди чыгара алат;
  • Мыйзамдарды оңдобостон же күчүн токтотпостон аткаруу үчүн зарыл болгон мыйзамдарды, токтомдорду аткаруудан убактылуу бошотуу көрсөтмөлөрүн чыгарат;
  • Мыйзамга ылайык чет өлкөлөрдөгү аскер кызматкерлерин жана дипломатиялык өкүлдөрүн дайындайт жана бошотот;
  • Чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ишеним грамоталарын кабыл алат;
  • Ырайым кылуу укугуна ээ;
  • Мыйзамга ылайык ардактуу ордендер менен сыйлайт жана наам берет;
  • Шайлоо аяктагандан кийин эки жуманын ичинде Улуттук Чогулуштун биринчи жыйынын чакырат;
  • Улуттук Чогулуштун кезектеги жана кезексиз сессияларын токтотуу укугуна ээ;
  • Улуттук Чогулуштун жылдык сессиясын ачат, анда ал сөз сүйлөйт, өлкөдөгү кырдаалга жана өткөн жылдагы маанилүү мамлекеттик маселелерге сереп салат;
  • Улуттук Чогулуш тарабынан чечүү керек болгон долбоорлорду жана реформаларды белгилейт;
  • Премьер-министрге Улуттук Чогулушту ачууга же сөз сүйлөөгө ыйгарым укук бере алат;
  • Улуттук Чогулуш таркатуунун себептерин көрсөткөн жарлык чыгара алат;
  • Ишенимдүүлүгү тууралуу расмий жана салтанаттуу убада (ант) берүүлөргө катышат.

Кувейттин мамлекет башчыларынын тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сүрөтү Аты-жөнү Туулган датасы Каза болгон датасы Башкаруусунун башталышы Башкаруусунун аякташы Кошумча маалымат
Сабах ибн Джабер ас-Сабах

(Сабах I) و سلمان صباح الأول

1700 жж.[2] 1762-жыл 1756-жыл 1762-жыл династиянын жана мамлекеттин негиздөөчүсү
Абдалла ибн Сабах ас-Сабах

(Абдалла I) الشيخ عبدالله بن صباح بن جابر الصباح

1740-жыл 1814-жыл 3-май 1762-жыл 1814-жыл 3-май мурунку башчынын уулу
Жабер ибн Абдалла ас-Сабах

(Джабер I Щедрый) جابر بن عبد الله

1770-жыл 1859-жыл 1814-жыл 3-май 1859-жыл мурунку башчынын уулу
Сабах ибн Жабер ас-Сабах

(Сабах II) -صباح الثاني بن جابر الصباح

1784-жыл 1866-жыл ноябрь 1859-жыл 1866-жыл ноябрь мурунку башчынын уулу
Абдалла ибн Сабах ас-Сабах

(Абдалла II) عبد الله الثاني ابن صباح الصباح

1814-жыл 1892-жыл 29-май 1866-жыл ноябрь 1892-жыл 29-май мурунку башчынын уулу
Мухаммад ибн Сабах ас-Сабах

(Мухаммад I) -محمد بن صباح الصباح

1845-жыл 1896-жыл 17-май 1892-жыл 29-май 1896-жыл 17-май мурунку башчынын тууганы
Мубарак ибн Сабах ас-Сабах

(Мубарак I Великий) الشيخ مبارك بن صباح الصباح

1837-жыл 1915-жыл 28-ноябрь 1896-жыл 18-май 1915-жыл 28-ноябрь мурунку башчынын тууганы
Жабер аль-Мубарак ас-Сабах

(Джабер II) جابر المبارك آل صباح

1860-жыл 1917-жыл 5-февраль 1915-жыл 28-ноябрь 1917-жыл 5-февраль мурунку башчынын уулу
Салем аль-Мубарак ас-Сабах

(Салем I) أحمد الجابر الصباح

1864-жыл 1921-жыл 22-февраль 1917-жыл 5-февраль 1921-жыл 22-февраль мурунку башчынын тууганы
Ахмед аль-Жабер ас-Сабах

(Ахмед I) أحمد الجابر الصباح

1885-жыл 1950-жыл 29-январь 1921-жыл 22-февраль 1950-жыл 29-январь Жабера II уулу
Абдалла ас-Салем ас-Сабах

(Абдалла III) عبد الله الثالث السالم الصباح

1895-жыл 1-январь 1965-жыл 24-ноябрь 1950-жыл 29-январь 1961-жыл 10-апрель Салем I уулу; 1961-жылы эмир деп жарыяланган
Сүрөтү Аты-жөнү Туулган датасы Каза болгон датасы Башкаруусунун башталышы Башкаруусунун аякташы Кошумча маалымат
Абдалла ас-Салем ас-Сабах

(Абдалла III) عبد الله الثالث السالم الصباح

1895-жыл 1-январь 1965-жыл 24-ноябрь 1961-жыл 10-апрель 1965-жыл 24-ноябрь Салем I уулу; 1961-жылы эмир деп жарыяланган
Сабах ас-Салем ас-Сабах

(Сабах III) صباح السالم الصباح

1913-жыл 1977-жыл 31-декабрь 1965-жыл 24-ноябрь 1977-жыл 31-декабрь Салем I уулу
Жабер аль-Ахмед ас-Сабах

(Джабер III) جابر الأحمد الجابر الصباح

1926-жыл 29-июнь 2006-жыл 15-январь 1977-жыл 31-декабрь 2006-жыл 15-январь Ахмед I уулу
Саад аль-Абдулла ас-Сабах

(Саад I) سعد العبد الله السالم الصباح

1930-жыл 13-май 2008-жыл 13-май 2006-жыл 15-январь 2006-жыл 24-январь Абдалла III уулу; 2006-жылы бийликтен баш тарткан
Сабах аль-Ахмед ас-Сабах

(Сабах IV) صباح الأحمد الجابر الصباح

1929-жыл 16-июнь 2020-жыл 29-сентябрь 2006-жыл 24-январь 2020-жыл 29-сентябрь Ахмед I уулу; 2003-2006 жж. премьер-министр
Наваф аль-Ахмед ас-Сабах

(Наваф I) نواف الأحمد الجابر الصباح

1937-жыл 25-июнь 2023-жыл 16-декабрь 2020-жыл 29-сентябрь[3] 2023-жыл 16-декабрь Ахмед I уулу
Мишааль аль-Ахмед ас-Сабах

(Мишааль I) مشعل الأحمد الجابر الصباح

1940-жыл 27-сентябрь[3] 2023-жыл 16-декабрь а.у. Ахмед I уулу

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]