Кудайбергенова Индира Орозобаевна

Википедия дан
Кудайбергенова, Индира Орозобаевна‎»‎ барагынан багытталды)
Кудайбергенова Индира Орозбаевна
Туулган күнү

24-март 1956

Туулган жери

Кыргыз ССРи, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкорка айылы

Жарандыгы

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Кудайбергенова Индира Орозобаевна (1956-жылы 24-мартта туулган, Кыргыз ССРи, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкорка айылы) – профессор, медицина илимдеринин доктору, онкология, маммология жана пластикалык хирургия тармагынын адиси. 2016-жылдын июлунан тарта Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору, университеттин тарыхындагы биринчи аял ректор.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Индира Орозбаевна Кудайбергенова (1956-жылы 24-мартта туулган, Кыргыз ССРи, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкорка айылы) – профессор, медицина илимдеринин доктору, онкология, маммология жана пластикалык хирургия тармагынын адиси. 2016-жылдын июлунан тарта Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору, университеттин тарыхындагы биринчи аял ректор.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1979-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун “Дарылоо иши” факультетин бүтүргөн. Бир жылдан кийин Республикалык клиникалык ооруканада “Жалпы хирургия” адистиги боюнча клиникалык интернатураны аяктаган. 1983-1985-жылдары СССР медицина илимдер академиясынын (Москва шаары)А.В. Вишневский атындагы Хирургия институтунда “Хирургия” адистиги боюнча клиникалык ординатурадан өткөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Индира Кудайбергенова Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти болуп иштей баштаган. 1991-1994-жылдары Семашко атындагы Москва медициналык институтунун онкология кафедрасынын докторанты болгон, Москва шаары. Ал эми 1994-1997-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында онкология кафедрасынын профессору болгон. 1997-жылдан 2000-жылга чейин онкология жана радиология Кыргыз илимий-изилдөө институтутун директору.

Кудайбергенова Индира 1998-жылдан бүгүнкү күнгө чейин - Кыргыз Республикасындагы онкологдор жана радиологдор Ассоциациясынын төрайымы.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясындагы иши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-жылдан 2016-жылга чейин Индира Кудайбергенова И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын онкология кафедрасынын башчысы болгон. 2000-жылдан 2004-жылга чейин Индира Кудайбергенова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуу-тарбия иштери боюнча проректору болгон. Ал эми 2004-2008-жылдары КММАнын онкология кафедрасын жетектеген. 2008-жылдын сентябрынан 2009-жылдын мартына чейин И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин  – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору.

Акыркы шайлоодо Индира Кудайбергеновага 698 адам добуш берген, каршы 33адам болгон. Жалпысынан 792 адамдын 731и добуш берүүгө катышкан.

Басылмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Индира Кудайбергенова 90дон ашуун илимий иштердин автору, 2 монографиясы, 3 рационализатордук сунуштамасы  жана жалпыга маалымдоо каражаттарында  көптөгөн макалалары жарык көргөн. Медицина илиминин 1 докторун жана 7 кандидатын даярдаган. Анын жетекчилиги астында 10 адам кандидаттыгын жактай алган.

Торакалдык хирургияда компьютердик томографиянын мааниси (авторлош). Фрунзе. 1987

Көкүрөк капталынын шишиктери, клиникасы жана хирургиясы, алардагы тактика (авторлош). Фрунзе. 1987

Полигидроксиэтилметакрилаттагы эндопротездерин пластикалык хирургияда колдонуу мүмкүнчүлүгү жана тажрыйбасы (авторлош). Бишкек, 1993-жыл.

Эндопротездерди колдонуу менен көкүрөккө пластикалык операциялардын атласы (авторлош). Бишкек, 1994-жыл

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.kgma.kg/ru/academy/general-information/greeting

https://www.kgma.kg/ru/divisions/leadership/rector

КММАнын шайлоосу. Индира Кудайбергенова жеңишке жетти https://24.kg/obschestvo/195702_vyiboryi_kgma_pobedu_oderjala_indira_kudaybergenova/

Митинг натыйжасын берди. КММАнын ректорун шайлоо өтөт https://kaktus.media/doc/439324_miting_dal_rezyltat._vybory_rektora_kgma_sostoiatsia.html