Кудайберген Райымбек уулу

Википедия дан

Кудайберген Райымбек уулу (1867, Сары-Камыш Төр-жайлак жайлоосу - 1916, Кең-Суу өрөөнү) - боргемик элинен чыккан чоң манап.

Чынжырлуу манаптардын катарына кирген. Атасы Райымбек боргемик элинде старчын (старшина чини) болгон. Кубары кадимки Кемпир баатыр. Жашынан арабча жаза билген.

16 жаш курагында эл башкарууга аралашкан. 1905-07-жылдары Суусамыр болуштугунда Сары-Камыш карап турганда болуш болгон. Ал калыс, кыраакы акылман адам экен.

Түнкүсүн айыл кыдырып, кимдин коломтосунун оту эрте өчүп калса, байлардан жардам бердиртип турган. Жайлоо пул, туяк пул ж. б. салык жыйноочуларды, айылды аралатпай эле өз жанынан төлөп берип, «керек болгондо элден кийин алып алам» деп салык жыйноочуларга конок каадасын көрсөтүп, кайтарып жиберчи экен. 1916-жылдагы Үркүндөн боргемик элин Кытайга качырбай, Орусиянын «жазалоочу отрядына» кырдырбай коргоп, КеңСуунун оозунан тосуп, аларга сый-урмат көрсөтүп, элин сактап калган.

Канат хандын уулу Карыпбай менен Гүласалдын (курманкожо элинин манабы Курмандын кызы болгон. Аны Чойбектин Абдылдабек деген уулу ала качып алган. Ошонун негизинде чыр чыккан) чырдуу окуясын чечүүдө тогуз бийге төрагалык кылып, Канат ханды суракка алган. Сары-Камышта Кең-Суу айылында күмбөзү бар.

1908-ж. Суусамыр өрөөнүндөгү Төржайлак жайлоодо атасы Райымбекке аш берет. Аштын чыгымын эл көтөрөт.

Ашта эр сайыш болуп, биринчи сайышта эки найза белинен сынып кетип, экинчи сайышканда жумгалдык Аксакал Эрназарды сайып өлтүргөн. Анын кунуна бир тогуз мал айып берген. Байманаптар олжо деп талап кеткен.

Боргемик элинен чыккан тектүү манап, чечкиндүү, калыс жана кайрымдуу, көрүнүктүү инсан катары элдин эсинде сакталып калды. Боргемик элинен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9