Кузеев Раил Гумерович

Википедия дан

Кузеев Раил Гумерович (1929-2005), советтик жана башкурт тарыхчысы, чыгыштаануучу, түрколог жана коомдук ишмер, Россия ИАсынын мүчө-корреспонденти (1991), башкурттардын этностук тарыхы, этнографиясы жана фольклору боюнча ири адис, таанымал окумуштуу. Эмгектери башкурттардын теги, келип чыгышы, таралуусу, материалдык жана руханий маданияты, башкурт фольклору, анын ичинен башкурт санжыраларынын этностук тарыхты иликтөөдөгу ролун изилдөөгө багышталган. Тарыхый ономастиканы кунт коюп изилдеген. Башкурттардын уруулук эн тамгаларын этностук тарыхты иликтөөдө өтө кылдаттык менен пайдаланып, негизги жардамчы тарыхый булак катары кенен колдонгон окумуштуу. Башкурттардын эл болуп калыптануусу боюнча өтө татаал проблемаларды иштеп чыгып, анын оор жүгүн өз мойнуна алган. Натыйжада, көп жылдык чымырканган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында фундаменталдуу эмгектер жаралып, башкурттардын эл болуп калыптануусу, башкурт этносунун калыптануусундагы кыпчак, печенег, кыргыз, огуз, угро-финн ж.б. этнокомпоненттердин ролун аныктап чыккан. Бир эле учурда башкурттардын арасынан эн тамгаларды, уруу-урук аталыштарын, санжыраларды топтоп илимге киргизген, зор маалыматтарды архивге тапшырган. Анын “Происхождение башкирского народа” (Москва, 1974) аттуу фундаменталдуу этнологиялык эмгеги түрк-монгол тарыхын изилдөөчүлөр үчүн маанилүү булак жана үлгүлүү изилдөө болуп саналат.

Р.Г.Кузеев 1929-ж. Башкурт АССРинин Чишмин районуна караштуу Аминево айылында туулган. Башкурт Педагогикалык институтунун (1951) тарых факультетин эн алгачкылардан болуп бүтүрүп чыккан. 1971-ж. Тарых илимдеринин доктору диссертациясын коргогон. 1972-ж. Профессор наамына ээ болгон. 1979-ж. РСФСРдин илимине эмгек сиңирген ишмери наамын алган. 1955-1961 жж. СССР ИАсынын Башкурт филиалындагы Тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер катары эмгектенген. 1960-1987 жж. Башкурт АССР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматында эмгектенген. Бирок, Р.Г.Кузеев мамлекеттик кызматта болгонда да илимди калтырган эмес. 1994-1997 жж. Россия Федерациясынын этнограф жана антропологдорунун төрагасы болуп эмгектенген. Башкурт ИАсында 1995-1996 жж. Вице-президенттик милдетти аркалаган. Р.Г.Кузеев изилдөөлөрүндө башкурт этносунун калыптануусундагы тектеш түрк этносторунун, анын ичинде кыргыздардын ролун белгилеген. Эмгектеринде (Происхождение башкирского народа, 1974) башкурттардын курамындагы “кыргыз” этнокомпоненттерине өзгөчө маани берген. Башкурттардын курамындагы “кыргыз” уруусунун санжырасын өз убагында С.М.Абрамзонго берген, кыргызтаануучунун монографиясына (1971) пикир жазган, анын кыргыздардын этностук тарыхы боюнча пикирин колдоп чыккан. Р.Г.Кузеев 2005-ж. Уфа шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын атын учурда Башкортостан ИАсынын Этнология институту алып жүрөт. Көзүү тирүү мезгилинде жердештери Р.Г.Кузеевдин бюстун орнотушкан

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кузеев Р. Г. Проблемы этнической истории народов Среднего Поволжья и Южного Урала с середины второйполовины I тыс. н. э. до XVI в
  2. Кузеев Р. Г. Историческая этнография башкирского народа. Уфа, 1985.
  3. Кузеев Р. Г. Происхождение башкирского народа. Этнический состав, история расселения. М.: Наука, 1974.
  4. Кузеев Р. Г. Очерки исторической этнографии башкир. Родоплеменные организации башкир в XVII—XVIII вв.Уфа
  5. Кузеев Р. Г. Народы Среднего Поволжья и Южного Урала. Этногенетический взгляд на историю. М.: Наука. 1992
  6. Кузеев Р. Г. Национальные движения в Волго-Уральском регионе и федерализм в России // Этничность ивласть в полиэтничских регионах. М.: Наука, 1986.
  7. Кузеев Р. Г. Государственная программа «Народы Башкортостана». Уфа, 1995.
  8. Кузеев Р. Г. Декоративное творчество башкирского народа. Уфа, 1997.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015