Кузнецов Владимир Дмитриевич

Википедия дан

Кузнецов Владимир Дмитриевич [30. 4(12.5). 1887, Миасс, азыркы Челябинск облусу — 13. 10. 1963, Томск] — орус совет физиги, СССР Илимдер академиясынын академиги (1958; корреспондент-мүчө, 1946), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1942). РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1934). Петербург университетин бүтүргөн (1910). 1911-жылдан Томск шаарындагы жогорку окуу жайларда, 1917-жылдан Томск университетинде (1920-жылдан профессор) иштеген. 1929-жылдан өз демилгеси менен уюштурган Сибирь физика-техникалык институттун директору. Катуу нерселердин касиеттерин, технологиялык иштетүүдө аларда болуучу кубулуштарды изилдеген. Кристаллдын беттик энергиясы, катуулугу сыяктуу касиеттери, катуу нерселердин ички сүрүлүүсү, металлдын моно жана поликристаллдарынын ийкемдүүлүгү, бышыктыгы, кристаллдашуунун механизми, металлдын жана куйманын сырткы бетинин сүрүлүүсү жана жетилиши, кесүү менен металлды иштетүү ж. б. боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн. Кесүүнүн физикалык теориясынын негизин иштеп чыккан, металлды ылдамдатылган кесүүнүн мүмкүндүгүн теорияда далилдеген жана тажрыйбада аныктаган. Үч Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]