Мазмунга өтүү

Кузнецов Николай Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Кузнецов Николай Иванович (22. 7. 1932-жылы туулган, Казакстан, Жамбул облусу, Кордой району, Кордой (мурдагы Георгиевка) айылы) — айыл чарба илимдеринин доктору (1973), профессор (1976). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген агроному. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1955), ошол эле жерде аспирантураны (1958) бүтүргөн. 1958—63-жылдары Кыргыз дыйканчылык ИИИде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, лабор. башчысы, 1963-жылдан Н. И. Кузнецов Скрябин атындагы КАЧИде кафедра башчысы, 1971—83-жылдары факультеттин деканы, 1991—96-жылдары Кыргыз топурак таануу жана агрохимия ИИИнин директору жана КАЧИде профессор 1996—2001-жылдары КАУда кафедра башчысы, 2001-жылдан кафедрада профессор Агрохимия, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана топурак таануу илими боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 9 монографиянын автору. «Данакер» ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Агрохимические основы урожая кукурузы. Ф., 1980; Научные основы и рекомандации по применению удобрений в Киргизии. Ф., 1984.; Агрохимические основы высокой продуктивности озимой пшеницы (в соавторстве). Б., 2003.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]