Кулбарак уулу Сасыбай
Кулбарак уулу Сасыбай (1894, Коңурөгүз айылы - 1970, ошол эле жер) - диний ишмер, элдик дарыгер. Медреседен билим алган.
- Өзгөрүш айылында өз каражатынын эсебинен мечит курдурган, бирок партиялык атеисттердин динге болгон терс мамилелеринин натыйжасында жергиликтүү бийлик
- өкүлдөрү тарабынан мечиттер кыйратылган.
- Ал жаратылышынан бөтөнчө касиетке ээ болуп, эл арасында “молдоке” деп, анын атын атабай ызаатташкан. Жин оорулууларды дем салып, дубанын күчү менен сакайткан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5