Кулболдиев Мукамбет
Кулболдиев Мукамбет Жыгаччы, жыгач бетине кооздук түшүрүүнүн чебери. 1954-ж. Кемин районундагы Бейшеке айылында төрөлгөн.
1984-ж. «Мураскер» көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайынын устачылык бөлүмүн бүтүргөн. Ошол окуу жайында жыгаччылык боюнча улук чебер-мугалим болуп эмгектенет. Уста көбүнчө табак, аяк, чөйчөк, сузгу, кашык өңдүү кырма идиштерге жана үкөк, сандык, төр ала бакан, такта сыяктуу буюм-эмеректерге, күзгү, сүрөт, терезе алкактарга узанат. Жердик катары Чүй өрөөнүнүн тал-терек, кайыңын пайдаланат. Аларды март-октябрь айларында кыят. Тилип алып, мелүүн жайга кургатат. Жыгач бетине «чыгармак оюму», «кочкор мүйүз оюму», «кыял оюму», «жарым кыял оюму» сымалдарды ичке, учтуу алат. Жыгачтын жүзүн буруу үчүн ышкын түптү жошого аралаштырып сүртөт. Жыгачтын өз өңү да боёктук милдет аткарат. Тал, теректен кашын өзүнчө чыгарып, туюк ээр чабат. Катышкан кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1989-ж. Прикладник сүрөтчүлөрдүн жана элдик чеберлердин Кыргызстан мамлекеттик сүрөт музейинде өткөн республикалык көргөзмөсү. Үкөк, күзгү алкактарына түшүрүлгөн көркөм оюмдары менен катышкан. 1990-ж. Кыргызстан мамлекеттик сүрөт музейинде өткөн элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү. Үкөк, такта өңдүү салттуу буюмдары коюлган. 1992-ж. Мамлекеттик тарых музейинде өткөн элдик чеберлердин республикалык сатуу көргөзмөсү. Кырма идиштери жана салттуу жыгач буюмдары экспонатталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0