Кулжа шаары, Кытай
Кулжа шаары, Кытай, Инин — Кытайдын түндүк-батышындагы шаар. Иле дарыясынынын өрөөнүндө жайгашкан. Синьцзян-Уйгур автономия районунун курамында. Калкы 100 миңге жакын. Тамак-аш (мал чарба продуктусун иштетүүчү), текстиль ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, тери өңдөлөт) өнүккөн. Уран, вольфрам ж. б. түстүү металлдын жана графит, асбест кендүү аймактын борбору. 1762-жылы негизделген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9